БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Борбор калаада жаңы жылдык жарманке өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, жарманке 30-декабрга чейин Курманжан датканын эстелиги алдында болот.
"Иш-чарада ар түрдүү кооздуктар, таттуулар, колго жасалган идиш-аяк, сувенир, эко-азыктар, бал жана чай коюлууда. Ошондой эле ысык кофе, шоколад жана печеньелер да берилип жатат", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, коомдук транспортто колдончу "Тулпар" карточкалары да акысыз таратылып жатканы кошумчаланган.