Бишкекте маршрутка аялды тебелеп кеткен учур видеого түшүп калган

Кырсык 25-декабрь күнү борбор калаадагы Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкекте аял маршруткага тебеленген учур видео көзөмөлгө түшүп калган.

Кечээ, 25-декабрь күнү, Бишкектеги Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жол жээгинде турган аялды маршрутка сүзүп кетип, ошол жерден каза болду деген маалымат тараган. Көп өтпөй Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы №164 маршрутканын айдоочусу унааны башкара албай калып 41 жаштагы аялды сүзүп кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган эле.

Бирок видеодон көрүнүп тургандай, аял дал ошол маршруткадан түшүп, тайгаланып кеткендей болот. Дал ошол маалда дароо жүрүп кеткен маршруткага урунат.