ТИМ: Австрияга визаны эми Бишкектен да алууга болот

Бишкекте да бөлүм ачылгандыгы кабарланды. Ал Ибраимов, 103 дарегиндеги Victory бизнес борборунун 11-кабатында жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Австрияга виза алууну каалагандар эми Казакстандын Нур-Султан шаарына барып отурбай, Бишкектен ачтырса болот. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган өлкөнүн Казакстандагы элчилигинин Нур-Султан шаарында 5-январдан тарта VFS деп аталган документтерди кабыл алуучу виза борбору ишин баштагандыктан, анын Бишкекте да бөлүмү ачылгандыгы кабарланды. Ал Ибраимов, 103 дарегиндеги Victory бизнес борборунун 11-кабатында жайгашкан.

Өзбекстан Кытай менен Гонконгдун жарандарына визасыз режим киргизет
Эске салсак, жаңы жылдан тарта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги бир нече мамлекетке виза берүү ишин токтоткон эле. Анын ичинде Австрия да болгон.

Аталган мамлекетке виза алуу үчүн 2020-жылдын 1-январынан тарта Австрияга сапар алгандардын Нур-Султан шаарындагы Австриянын элчилигине кайрылуусу керектиги айтылган.

ТИМдин бүгүнкү маалыматында виза алуу шарттары жана документтерди тапшыруу үчүн кабыл алууга шилтемеси аркылуу жазылууга болорун кабарлашты. Андан сырткары, +996-312-979261 телефон номерлерине чалып байланышса болот.

Чектелген мөөнөт учурунда виза алуу үчүн документтерди Алматыда VFS компаниясынын Виза борборуна да тапшырууга болот. Алдын ала жазылуу үчүн www.vfsglobal.com/austria/kazakhstan шилтемеси менен кирсе болот.