Үстүбүздөгү жылы Улуттук кызыл ай коомуна 326 421 киши ар кандай маселелер менен кайрылып, алардын баарына тийиштүү жардам берилди. Бул тууралуу Салтанат Абдыжапарова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук кызыл ай коому Кыргызстанда 1926-жылы гуманитардык уюм катары өз ишин баштап, бүгүнкү күнгө чейин коомчулуктун жардамга муктаж катмарына көмөк көрсөтүп келет.
"2019-жылы Улуттук кызыл ай коомунун саламаттыкты сактоо департаменти жалпы жонунан 124 419 кишиге жардам берди. Ошондой эле өзгөчө кырдалдар учурунда жана андан кийинки мезгилде көмөк көрсөтө турган департаментке 131 361 жаран кайрылып, аларга да көмөк көрсөтүлдү. Ал эми социалдык көмөк көрсөтчү департамент 38 210 кишиге кол сунду жана адамдын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө багыт бере турган департаментке 27 411 киши көйгөйү менен кайрылган. Жалпы жонунан быйылкы жылдын эсеби менен Улуттук кызыл ай коому тарабынан 326 421 кишиге гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Эмдиги жылы да бул багыттар боюнча жигердүү иштерди аткарууга пландар коюлду", — деди Абдыжапарова.
Ал быйыл коом Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бириктирилген ооруканаларын көзгө операция жасай турган заманбап медициналык жабдуу менен камсыз кылганын да кошумчалады.