Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны соңуна чыкты

Журналисттер Жээнбековдон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен болгон мамилеси тууралуу да сурашты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттерге берген маалымат жыйыны соңуна чыкты.

Мамлекет башчынын маалымат жыйыны 3 саатка созулду. Тагыраак айтканда, саат 11.00дө башталып, 14.00дө бүттү.

Жээнбеков музейде жылаңачтанган аялдар туурасында айтты
Жээнбеков алгач эки жылда аткарган иштери тууралуу маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү.  Ал ар бир журналисттин аты-жөнүн, иштеген жерин жана берилген суроону кагазга жазып жатты.

Журналисттер Жээнбековдон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен болгон мамилеси тууралуу сурады.

Андан сырткары, билим берүү, миграция жана социалдык маселелер козголду. Ошондой эле алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу айтты.