Жээнбеков: коррупция менен күрөшүү мынчалык оор экенин президент болгондо билдим

Журналисттердин "Азыркы козголуп жаткан чуулуу кылмыш иштерин "репрессия" деп эсептейсизби?" деген суроосуна президент "коррупция менен тандалма күрөш жүрүп жатат" деген пикирлерге кошулбасын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин коррупция менен күрөшүү мынчалык оор экенин билбегенин мойнуна алды.

"Актангандык эмес. Бирок коррупция менен күрөштүн мынчалык татаалдыгын эми жон терим менен сезип жатам. Бул оңой иш эмес. Күрөшө турчу команда керек, балдар керек, мамлекеттик таза орган керек. Ошол жерде иштей турган кызматкерлер керек", — деди мамлекеттин башчысы.

Жээнбеков: Бабанов бизнес менен саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткенинин чоң үлгүсү
Ал эми журналисттердин "Азыркы козголуп жаткан чуулуу кылмыш иштерин "репрессия" деп эсептейсизби?" деген суроосуна "коррупция менен тандалма күрөш жүрүп жатат" деген пикирлерди угарын, бирок буга макул эместигин билдирди.

Президент, андан сырткары, президентикке жаңы киришип жатканда Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупция менен күрөшүүгө артыкчылык берүүнү максат кылганын айтып, бирок бул органдын үч жылдын жыйынтыгын кароого быйыл үлгүрбөй калганын кошумчалады.