Бишкек мэриясы: Ленин районунда 300дөн ашык киши ВИЧ илдетине чалдыккан

Ленин акимиатында координациялык кеңештин социалдык-маанилүү жана өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулар боюнча жыйыны өтүп, бир катар маселелер талкууланган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунун 366 тургуну ВИЧ илдети менен жабыркайт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин акимчилигинде координациялык кеңештин социалдык-маанилүү жана өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулар боюнча жыйыны өткөн.

"Чогулушта райондук кызматтардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мектеп жана бала бакча жетекчилери ВИЧ инфекциясын, гепатитти жана башка олуттуу ооруларды алдын алуу программасын ишке ашыруу талкууланды. Кеңештин мүчөлөрү вирустук илдеттер менен күрөшүүнүн заманбап ыкмасы менен таанышты" — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, профилактикалык иштерди көбөйтүү, мектеп жана бала бакчаларда тренинг жана воркшопторду өткөрүү чечими кабыл алынган.

Мэриянын маалыматында 2019-жылы 1-январда Бишкекте 1498 адам ВИЧ менен ооруй турганы катталган. Анын 169у каза тапкан. Ал эми 366 адам Ленин районунда жашайт.