БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Буга чейин аталган документ 31-декабрга чейин жарамдуу, кийин жаңысы берилет деп айтылып келген. Бирок кезек күткөндөрдүн саны өтө көп болгондуктан, мөөнөтүн 15-февралга чейин узартуу чечими кабыл алынды.
Убактылуу күбөлүктөрдү дайымкыга алмаштыруу боюнча арыздар "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнө жазылат.
Бишкек шаары боюнча азыр Чокан Валиханов, 2 ("Аю Гранд" гипермаркети тарап) дарегине таштаса болот. Ал эми дайын болгон документти №4 калкты тейлөө борборунан (Ауэзов көчөсү, 1/5 "Два прораба" гипермаркети) ала аласыздар.
Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү мөөнөтү аяктагыча колдоно берсе болот.