Чыңыртып автоунаага салып... Казакстанда кыз ала качкандар видеого түшүп калган

Видеодон үч жигиттин караңгыда көңүл ачуучу жайдын ичинен кызды көтөрүп чыгып жеңил автоунаага салып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарында топ балдардын кыз ала качып жаткан учуру видеого тартылып калган. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Окуя болгондон кийин кыздын апасы полицияга кайрылып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

"Шектүүнүн ким экени аныкталды. Ал полицияга берген көрсөтмөсүндө өз классташына ала качуу жолу менен үйлөнүүнү каалаганын айтты. Жабырлануучу кыз үйүнө, ата-энесинин жанына кайтып келди", — деп билдирген Түркстан облустук полициянын маалымат катчысы.

Аталган кылмышка катышкандар төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.