Бүгүн Бишкекте маршрутка коюп кеткен аял ошол жерден каза болду. Сүрөт

Окуянын күбөсүнүн айтымына караганда, кырсык болгон жерде милиция жана медиктер иштеп жатат. Каза болгон аялдын болжол менен 30 жаштарда экендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Борбор калаада эл ташыган маршрутка жолдон аялды коюп кетип, ал ошол жерден жан берди. Бул туурасында окуяга күбө болгон адам Sputnik Кыргызстандын кабарчысына маалымдап, окуянын сүрөтүн салды.

Автокырсык Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 25-декабрда болжол менен эртең мененки 8:15терде болгон. Аял киши ошол жерден көз жумган.

"Окуя болгон жерде милиция менен медиктер иштеп жатат. Маркум болжол менен 30 жаштарда экен", — деп билдирди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан аталган факты болгондугун тастыктады. Окуя болгон жерге автоинспектор жөнөтүлгөн.