Ошто жаңы жылдык балатынын оту жанды. Видео

Балатынын бийиктиги 27 метрди түзүп, учуна эки метрлик жылдызча орнотулган. Андан тышкары, борбордук аянтка түрдүү фигуралар коюлган.
Sputnik

ОШ, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн, 24-декабрда, Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жанды. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Балатынын бийиктиги 27 метрди түзүп, анын учуна эки метрлик жылдызча орнотулган. Андан тышкары, борбордук аянтка түрдүү фигуралар коюлган. 

Ошто жаңы жылдык балатынын оту жанды. Видео

Балатыны коюуга жана борбордук аянттын жасалгасына шаардык бюджеттен 97 миң сом каралган.