Кара-Кулжанын айылдарына бир метрден ашуун кар жаап, жол жабылды. Сүрөт

Кар үч күндөн бери тынбай жаап айылдыктарды түйшүккө салды. Кара-Кулжадан Алайкууга бараткан беш-алты автоунаа орто жолдо токтоп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун айылдарында жааган кардын калыңдыгы 1 метр  20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине акимдин биринчи орун басары Бурканбек Айсаев билдирди.

Анын айтымында, кар үч күндөн бери тынбай жаап, айылдыктарды түйшүккө салган.

"Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-85 чакырымдарындагы Сары-Бээ, Кара-Таш айылдарында кардын калыңдыгы бир метрден ашканын айтышууда. Кечээ Кара-Кулжадан чыккан беш-алты автоунаа Сары-Бээ айылында токтоп турат. Автоинспекторлор жолду жаап өткөрбөй жатат. Себеби ары жакта түшкөн көчкү менен катуу шамал кооптуулук жаратууда. Азыр өзүм дагы ошол жакка баратам", — деди Айсаев.

Ошондой эле ал техникалар жетиштүү экенин айтып, күн ачылып, шамал токтосо эртеңден тарта жол ачыларын белгиледи.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 23-декабрь күнү, саат 17:45 чамасында Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-85-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) үч жерден көлөмү болжол менен 5900 метр куб кар көчкү түшкөнүн билдирди. Жабыркагандар болгон эмес, жол убактылуу жабылган.