БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Эми Instagram тиркемесинин Stories бөлүмүнө бир нече сүрөттү жүктөсө болот. Киргизилген жаңы функция тууралуу компания Twitter баракчасына жазды.
Киргизилген жаңычылдык Layout деп аталат. Колдонуучулар бир нече сүрөттү дароо киргизип, коллаж үчүн анын бирин колдоно алат. Ар кандай фильтрлерди колдонуп, жазууларды кошо алат.
Иштеп чыгуучулардын айтымында, Stories бөлүмүнө алты сүрөткө чейин жүктөгөнгө болот.
Буга чейин Stories бөлүмүнө бир гана сүрөт коюлуп, коллаж жасоо үчүн башка тиркемени колдонуу керек болчу.