Болот Шамшиевдин сөөгү жерге берилди

СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Залкар режиссёр Болот Шамшиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Белгилей кетсек, Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болду.

Маркумдун артында үч уулу жана эки кызы калды.