Автобустагы акчасы жок окуучу: мэрия окуянын башкача болгонун айтып берди

Төрт күн мурда шаардык тургундан арыз түшкөн. Ал айдоочу окуучу баланы тийиштүү аялдамадан түшүрбөй, Пригородное айылына алып кетип калганын билдирип арызданган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. № 7 автобустун айдоочусу "акчасын (жол кирелик 8 сомун) жоготуп алдың деп 11 жаштагы окуучуну автобустан түшүрүп салды" деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Төрт күн мурда шаардык тургундан арыз түшкөн. Ал айдоочу окуучу баланы тийиштүү аялдамадан түшүрбөй, Пригородное айылына алып кетип калганын билдирип арызданган. Кийин видеокөзөмөлдүн жардамы менен айдоочу балага орой мамиле жасаганы аныкталганы айтылган эле. Көп өтпөй айдоочуга карата кылмыш иши козголгону кабарланган.

"Видеону жакшылап карап чыкканда, айдоочу балага карата эч кандай мыйзамсыз иш кылбаганы жана жаман сөз айтпаганы аныкталды.  Окуучу өзү аялдамасынан (автобустун акыркы аялдамасы) түшпөй, артка кетип калган. Ал эми акчасын жоготуп алганын айдоочуга кийин айткан.  Андан эч ким акча доолабай эле, жакын жердеги аялдамадан түшүп калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, кийин бала апасына окуя чынында кандай болгонун айтып берип, апасы айдоочудан кечирим сураган.