Бир айда 135 киши сынык бөлүмүнө кайрылган

Министрликтин кабарлашынча, дарыгерлерге кайрылгандардын 135и түрдүү сыныктарды алса, 132 кишинин эти чоюлуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 27-ноябрдан 24-декабрга чейин шаардык сынык бөлүмүнө 267 киши медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кайрылгандардын 135и түрдүү сыныктарды алса, 132 кишинин эти чоюлуп калган.

Министрлик кар жаап, көчөлөр тайгак болгондуктан жарандарды этият болууга чакырат.