Азаматтар! Кыргызстандык балбандар алыш боюнча дүйнө чемпионатынан 5 алтын утту

Мелдешке 27 өлкөдөн 275 спортчу катышкан. Ага карабай улуттук команданын балбандары биринчиликти берген жок.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында беш алтын, бир коло медаль утту. Ал эми жалпы командалык эсепте Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк алыш федерациясынан билдиришти.

Аталган чемпионат 22-23-декабрь күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн. Эркектер  60, 70, 80, 90, 100, +100 килограмм салмак категориясы, кыз-келиндер  55, 60, 65, 70, 75, +75 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан.

Мелдешке 27 өлкөдөн 275 спортчу катышкан. Ага карабай улуттук команданын балбандары биринчи боло алды. Алар төмөнкүлөр:

  • Марлен Абдурасулов — 1-орун, 60 килограмм;
  • Элдияр Сексенбаев — 1-орун, 70 килограмм;
  • Орозбек Аширов — 1-орун, 100 килограмм;
  • Анара Рыскулова — 1-орун, 55 килограмм;
  • Мээрим Момунова — 1-орун, 60 килограмм;
  • Нагира Сарбашова — 3-орун, 70 килограмм;