Радио

Арпачиев: 2020-жыл үчүн спорт тармагына бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү

Замдиректора ГАФКиС КР Канатбек Арпачиев
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев спорт тармагын өнүктүрүү үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Арпачиев: 2020-жыл үчүн спорт тармагына бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү
Арпачиев: 2020-жыл үчүн спорт тармагына бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү

2020-жылга карата спорт тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекеттен 1 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүндү. Бул тууралуу Канат Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган каражаттын 450 миллион сому өлкөдөгү спорт мектептеринин машыктыруучулары менен мугалимдеринин маянасы жана коммуналдык кызматтарына жумшалат.

"Бүгүнкү күндө спорт мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде колдоого алынып, жакшы көңүл бурула баштады. Буга чейин аталган тармакты өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү 56 миллион сомго жетчү. Ал эми келерки жылга карата бюджеттен бир миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнүп жатат. 2020-жылы ири спорттук иш-чаралар да көп болот. Мындан улам Япониянын Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы олимпиада оюндарына 55 миллион сом кошумча акча каралууда. Ошондой эле Түркияда өтө турган IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 50 миллион сом каралды. Мындан тышкары, спортчуларга төлөнө турган айлык акынын бюджети 100 миллион сомдон 160 миллион сомго жогорулап жатат. Дагы машыктыруучу жана методисттердин маянасын 50 пайызга көбөйтүү пландалууда", — деди Арпачиев.

Аткаминер 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы олимпиада оюндарына приоритеттүү деп табылган 13 спорт түрүнөн жалпы 21 лицензия алууну пландашканын айтып, азырынча беш жолдомо бар экенин кошумчалады.