Заворотнюктун өкүлү дарыланууга акча топтолуп жатат деген кепке жооп берди

Буга чейин россиялык ЖМКлар Салык кызматына таянуу менен Петр Чернышевдин эсебине операциялар жүргүзүлбөй, жабылып калганын жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиялык актриса Анастасия Заворотнюктун дарылануусу үчүн анын күйөөсү Петр Чернышевдин банктык эсебине эл акча которуп жатат деген кеп чындыкка дал келбейт. Бул туурасында анын директору Марина Поповага шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

Попова Чернышевдин банктык эсеби акча түшүүлөрдөн улам жабылды деген маалыматты да четке каккан.

"Силер эл акча которду дегенди кайдан алдыңар?!" — деп нааразы болгон Заворотнюктун өкүлү.

Анастасия Заворотнюк шал болуп калдыбы? Жакындарынын билдирүүсү
Буга чейин россиялык ЖМКлар Салык кызматына таянуу менен Петр Чернышевдин эсебине операциялар жүргүзүлбөй, жабылып калганын жазышкан. Алардын айтымында, бул Заворотнюкка күйөрмандары тарабынан акча которулгандыгына байланыштуу болгон.

Россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун мээ рагына кабылганы тууралуу август айында билинген. Кийинчерээк дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан. Бул туурасында артисттин үй-бүлөсү көп убакыт үн катпай жүрүп, кийинчерээк дарыланып жатканын моюндашкан.