БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы тыгын 21:50дө жоюлду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, кечээ саат 19:20да Бишкек — Ош унаа жолунун 143-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) жол тайгак болуп, автоунаа тыгыны пайда болгондугуна байланыштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда каттаган автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.
Жеринде ЖКККББнын кызматкерлери, №9 жол-эксплуатациялык ишканасы жана үч техникалык унаа иштеген. Ошондой эле ӨКМ посттогу айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жылынуучу жай уюштуруп, ысык тамак берген.
Жолдогу тыгын жоюлгандан кийин чектөө алынып салынган.