Камчыбек Ташиевдин мунай базасынан кайрадан өрт чыкты. Сүрөт

Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан чыккан өрт саат 16:52де толугу менен өчүрүлгөн. Адамдар жабыркаган эмес.
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 23-дек. — Sputnik. Мурдагы депутат Камчыбек Ташиевге таандык Жалал-Абад шаарындагы мунай базасынан кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы жеринен билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан чыккан өрт саат 16:52де толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдады. 

Камчыбек Ташиевдин мунай базасынан кайрадан өрт чыкты. Сүрөт

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. 

Камчыбек Ташиевдин мунай базасынан кайрадан өрт чыкты. Сүрөт

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-майында ушул эле мунай базада өрт чыккан.

Бишкекте курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөнүп жатат. Видео
Жеринде 10 өрт өчүрүүчү унаа 2 автошаты жана Жалал-Абад аэропортунун 2 техникасы менен иш алып барышкан. Мындан сырткары, Ош облусунан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, көбүк алынганы кабарланган.

Кырсыктын кесепетинен бир өрт өчүрүүчү жана мунай базанын кызматкери жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Тегерек четинде жашаган эки миңдей тургун эвакуацияланган. Мунай база "Томас и Ко" компаниясына таандык болуп, анын жетекчилеринин бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү болгон.