Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчөт

Оңдоо иштерине байланыштуу төрт көчөдө көгүлтүр от жок болот. Ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 23-декабрдан 25-декабрга чейин газ берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын Огонбаев, Курманжан датка, Гражданская, Төрөкул Айтматов көчөлөрүндө убактылуу газ жок болот.

Ишкана ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.