Экс-мэр Кубаныч Кулматов эркиндикке чыкты

Мамлекеттик айыптоочулар Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону соттон суранган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов сот залынан бошотулуп, беш миллион сом айыпка жыгылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Кол булгалап, ыйлап... Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин сотунан видео
Иш Ленин райондук сотунда каралып, өкүмдү судья Бакыт Сагынбаев чыгарды.

Мамлекеттик айыптоочулар Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, үч жылга чейин мамлекеттик кызматта иштебөөсүн соттон суранышкан.

Экс-мэр "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 2018-жылдын 5-июнунда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.