Александр Емельяненко аны рингге чакырган Рамзан Кадыровго жооп берди

Буга чейин Кадыров Емельяненкону рингге чакырып, бирок таймаш кандай форматта болорун билбей жатканын кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россиялык ММА мушкери Александр Емельяненко Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун чакырыгына жооп берди.

Буга чейин Кадыров спортто эриккендин баары Емельяненкону рингге чакырууну мода кылып алганын айтып, өзү дагы чакырык таштаган. Бирок таймаш кандай форматта болорун билбей жатканын кошумчалаган.

"Емельяненкону рингге чакыр" флэшмобу досум Рамзанга чейин жетиптир. Ахмат — бул күч!" — деп Емельяненко өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

30-ноябрга караган түнү Александр Емельяненко менен пауэрлифтер Михаил Кокляев бокс эрежелери менен таймашка чыгышкан. ММА мушкери атаандашын биринчи раундда нокаутка кетирген. Емельяненконун кийинки атаандашы россиялык Магомед Исмаилов.