Мексикада эки круиздик кеме кагышты. Окуянын видеосу

Күбөлөрдүн бири кырсыктын видеосун Twitter баракчасына жарыялаган. Анда Carnival Legend кемеси Carnival Glory лайнерине жакындап келип урунганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Carnival Cruise компаниянын эки ири кемеси Мексиканын Косумель аралындагы портто кагыша кетти. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Күбөлөрдүн бири кырсыктын видеосун Twitter баракчасына жарыялаган. Анда Carnival Legend кемеси Carnival Glory лайнерине жакындап келип, урунганын көрүүгө болот. Анын кесепетинен алдыңкы кабаттардын биринин терезеси менен дубалы талкаланган.

Баңгизатты суу алды менен ташып... АКШдагы атайын операциянын видеосу
Carnival Cruise компаниясы кырсык кемелердин жүрүү жөндөмүнө таасир этпей турганын, учурда келтирилген чыгым эсептелип жатканын кабарлады.

Белгилей кетсек, аталган кемелерге 2500-3000ге чейин жүргүнчү батып, экипажы 1000ге чукул кишиден турат. Узуну болжол менен 300 метрге барып, туурасы 32 метрди түзөт. Бийиктиги 60 метрдин тегереги экени айтылды.