Бишкекте футзал боюнча эл аралык турнир өтөт. Кимдер катыша алат?

"Наристе-2020" эл аралык турнири төрт тайпада болуп, мамлекеттик органдардын командалары жана ардагерлер ортосунда өткөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда 3-январдан 10-январга чейин футзал боюнча эл аралык "Наристе-2020" турнири өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия, жаштар иши жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Эл аралык турнирдин негизги максаты Кыргызстанда футзалды жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Олимпиадада медаль алган КР спортчулары 10 млн. сомго чейин алышы мүмкүн
"Наристе-2020" эл аралык турнири төрт тайпада болуп, мамлекеттик органдардын командалары жана ардагерлер ортосунда өткөрүлөт. Ага катышкандардын жаш курагы 35, 45 жана 55 жаштан жогору болору айтылды.

Жеңүүчү командалар жана мыкты оюнчуларга медаль, 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылат.

Эл аралык тунирди өткөрүү үчүн 129 миң сом каралган.