Аялы менен ажырашам деп... Forbes 2019-жылы иши жүрбөгөн миллиардерлерди атады

Аталган журнал быйыл жыл ичинде ийгилик жараткан жана иши ойдогудай болбогон ишкерлерди тизмектеп, кирешеси менен чыгашасын эсептеген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Forbes журналы 2019-жылы эң мыкты ийгилик жараткан миллиардерлердин тизмесин түздү. Бул тууралуу журналдын расмий баракчасында айтылат.

Ага ылайык, быйыл ити чөп жегендердин сап башында франциялык ишкер Бернар Арно турат. Ал Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти. Ишкердин байлыгына быйыл 40 миллиард доллар кошулган. Арно учурда байлыгы 100 миллиард доллардан ашкан дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунду ээлейт.

Миллиондоп киреше тапкан блогерлердин рейтинги жарыяланды
Facebook компаниясынын башчысы Марк Цукерберг экинчи орунга татыган. Быйыл ал 22,1 миллиард доллар пайда көргөн.

Алдыңкы үчтүктү Inditex компаниясынын башчысы Амансио Ортега толуктайт. Бир жылда анын байлыгы 17,3 миллиард долларга көбөйгөн.

Ал эми дүйнөдөгү эң бай аталган Жефф Безос (Amazon компаниясынын башчысы) иши оңунан чыкпаган ишкерлердин катарына кошулган. Аялы менен ажырашуу процесси көп нерсеге таасир бергени айтылып, бир жылда 13,1 миллиард долларынан кол жууганы айтылат.

Быйыл иши жакшы болбогон бизнесмендердин тизмесинде индиялык ишкер Азим Премджи дагы бар. Анын Wipro Limited компаниясы 12 айда 14,1 миллиард долларынан ажыраган. Индиялык дагы бир ишкер Субхаш Чандранын Essel Group компаниясынын каражаты да 3,4 миллиард долларга азайган.