Кимдики бийик? Борбор Азиядагы балатыларды салыштырып көрүштү

Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн борборундагы жаңы жылдык балатыларды майрам алдына орнотуп бүтүштү. Эми алардын кайсынысы узун экендигин эсептөөгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен жаңы жылдык эң бийик балаты Түркмөнстандын борборуна коюлду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Ашхабаддагы балатынын бийиктиги 40 метрге жетет экен. "Алем" деп аталган маданий-көңүл ачуучу борбордун алдына орнотулган.

Түлөбаев: 7 миллион сом балатыны кооздогонго гана кеткен жок
Ташкенттеги башкы балаты Алишер Навои улуттук китепкананын аймагына тургузулган, бою 38 метр. Ага 25 миң оюнчук тагылыптыр.

Үчүнчү орунга Тажикстан 29 метрлик жаңы жылдык атрибуту менен чыгыптыр. Ал эми кийинки орун Кыргызстанга тийген, "Ала-Тоо" аянтында 27 метрлик балаты турат. Эң жөнөкөйү Казакстандын Нур-Султан калаасында экен, бийиктиги 25 метр дешти.

Айтмакчы, Борбор Азиядан чыгып, Европага баам салсак, жакында эле балаты тамашасы интернетке тарады. Лондондун Трафалгар аянтына коюлган балатыны шаардыктар жана социалдык тармактын колдонуучулары шылдыңдап, тартып алган сүрөттөрүн жайылтууда