Базардагы кыш маанайы. "Кудайбергендеги" соодагерлердин колунан чыккан Titanic

Кечээ түнү тынбай жаап, Бишкекте азыр калың кар жатат. Бүгүн базарда соода кылып, автотетик саткандар сатуучулар менен балдарды кайдыгер калтырган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Борбор калаада жайгашкан, автотетиктерди саткан "Кудайберген" базарындагы соода кылган катарларда кардан жасалган кымбат баалуу жолтандабастардан тарта анакондаларга чейин пайда болду.

Бул видео OMKS Instagram-аккаунтуна жарыяланды. 

Алардын арасынан ташбака, анаконда, боз үй, Mercedes жол тандабас менен түтүнү бурулдап чыгып жаткан Titanic кемесин көрүүгө болот.

Сөлөкөттөр базарга келгендерди кайдыгер калтырган эмес.

Видеого жазылган комментарийлерден кардарлар аз болгондуктан, сатуучулар убактысын чыгармачылыкка жумшап жатат деген пикирлерди окууга болот.