Кубалашып ойногон түлкүлөр. Шаар аралап кеткен жаныбарлардын видеосу

Жаркыраган прожекторлорду тоготпой таза күрөлгөн жерде бир нече түлкү бирин-бири кууп ойноп жүрөт. Бул кызыктуу окуя Россиянын Новый Уренгой шаарында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Интернет айдыңга териси кулпурган түлкүлөрдүн жапжарык жерге келип, бир эмес бир нече ирет кубалашып жүргөн видеосу тарады.

Ролик instagram баракчасына жарыяланган.

Жырткычтар тротуарды, мейманкананын алдында токтоп турган автоунааларды аралай чуркап, ал тургай күрөлгөн кардын үстүнөн секиргенин көрүүгө болот.