Сөөгү 4 жылдан кийин табылып... Атасын короого көмүп салган кишиге өкүм чыкты

Шектүү кылганын туугандарынан жашырып, укук коргоо органдарына атасы дайынсыз жоголуп кеткендигин айтып, сот отурумунда күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Атасын үйдө өлтүрүп, сөөгүн короого көмүп салган уул 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жазылган.

Коргонгом... Өгөй уулуна бычак урган 73 жаштагы кишиге өкүм чыкты
Өкүмгө ылайык, каргаша Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон. Тергөө маалында соттолуучу өзүнүн аракеч атасын башына чүпүрөк оролгон балка менен башка чапкылап өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Андан соң сөөктү короодогу кир суу чогулган аңга көмүп салган.

Шектүү кылганын туугандарынан да жашырып, укук коргоо органдарына атасы дайынсыз жоголуп кеткендигин айтып, сот отурумунда күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Маркумдун сөөгү төрт жылдан кийин гана табалып, эч нерсеси калбай калган. Бул убакыт аралыгында шектүү Москва шаарына барып иштеп келе калганга да үлгүргөн.

Соттук-медициналык экспертизада каза болгон эркектин баш сөөгү сынып катуу жаракат алгандыгы белгилүү болгон.

Фемида өкүлдөрү айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыратты.