БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ал камакта 2020-жылдын 20-февралына чейин болот. ИИМ жана УКМК Кенжебаевди эки кылмышка шектүү катары кармаган.
Эске сала кетсек, 19-февралда УКМК кызматкерлери Сыргак Кенжебаевди Алматыдагы аэропортто алдамчылыкка шектүү катары колго түшүргөн. Укук коргоо органдарына кытай жараны 350 миң долларын Сыргак Кенжебаев аттуу кыргызстандык адамга алдатып жибергенин айтып кайрылган.
Ал эми Ички иштер министрлиги ал "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча шектелип жаткандыгын айткан.