Болгария Кыргызстан менен эмгек миграциясы тууралуу макулдашууну колдоду

Чечим 18-декабрь күнү Болгария өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган. Өлкө тарабынан макулдашуунун аткарылышына Иш менен камсыз кылуу агенттиги көз салат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Болгария өкмөтү Кыргызстан, Азербайджан жана Өзбекстан менен эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча эки тараптуу макулдашуулардын долбоорун жактырды.

ЕАЭБ макулдашуусу: мигранттар иштеген өлкөдөн пенсия ала баштайт
Министрлер кеңешинин маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүнө караганда, чечим 18-декабрь күнү Болгария өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган.

Документке ылайык, аталган үч өлкөдөн барган мигранттар болгариялыктардай эле укукка, милдетке ээ болуп, корголот. Кабыл алган тараптан макулдашуунун аткарылышына Иш менен камсыз кылуу агенттиги көз салат.

Болгария буга чейин ушундай эле макулдашууну Армения, Молдова жана Грузия менен түзгөнү айтылат. Эми Украина жана Белоруссия менен сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.