Пакетте маанилүү документ болгон! Прокуратура Атамбаевдин адвокаттарын күнөөлөөдө

Тергөө маалында белгилүү болгондой, 8-августта Курсан Асанов Алмазбек Атамбаев менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тергөө органдарынын маанилүү документтерди таап алышына жол бербөө максатында Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаевден пакет алган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Замир Жоошев менен Сергей Слесаревге Кой-Таш окуясында маанилүү документтер салынды деген пакет боюнча коомчулукка туура эмес маалымат берип жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 13-августта социалдык тармактарда Атамбаевди кармоо учурунда Асанов андан акча, зер буюм жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат деген видео тараган.

Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевден акча алып жатат деген видео боюнча үн катты
Ага ылайык, тергөө маалында белгилүү болгондой, 8-августта Курсан Асанов Алмазбек Атамбаев менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тергөө органдарынын маанилүү документтерди таап алышына жол бербөө максатында Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаевден пакет алган. Анын ичинде Атамбаевдин коррупциялык иштерин ачыкка чыгара турчу маанилүү документтерди өзүнүн жан сакчысы Дамирбек Пайзилда уулуна берип, ал Раиса Атамбаевага бермектиги айтылат.

Андан соң эч кандай мааниси жок болгон документтер салынган пакет адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге берилген.

"Өз кезегинде Жоошев коомду жана тергөөнү чаташтыруу максатында өзүнүн социалдык баракчасына пакеттин сүрөтү менен билдирүү таратып, ичинде эч кандай маанилүү документтер болбогонун жазган", — деп айтылат маалыматта.

15-августта соттун чечими менен Аскер прокуратурасы Сергей Слесаревге берилген документтерди алган.

Окуянын чоо-жайын аныктоо максатында Слесарев менен Жоошевге 13чү жана 17-декабрда күбө катары суракка келүү боюнча билдирүү берилген.

"Тергөө учурунда алардын аракеттери, максаттары, пакетти берүү мотивдери боюнча суроолор берилет. Жогорудагы аракеттер алардын Атамбаевди жактап жаткан адвокаттык ишмердигине эч кандай тиешеси жок жана укук бузбайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Батукаев иши: келерки соттук процесс Атамбаев үчүн тергөө абагында өтмөй болду
Башкы көзөмөл орган, андан сырткары, Слесарев менен Жоошев Кылмыш кодексинин талаптарын билип туруп, кылмыш жасагандарды ачыкка чыгарууну каалабастан кылмыш боюнча мыйзамды өз түшүнүгү менен чечмелеп, аны одоно бузуу менен "укук коргоо органдарынын чектен ашкан аракеттери" тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жатканын кошумчалады.

Башкы прокуратура Атамбаевдин жактоочулары Слесарев менен Жоошев Аскер прокуратурасына күбө катары көрсөтмө берүү үчүн келиши керектигин эскертет.