Анын "Турналар жазда келишет" аттуу жалаң диалогдордон турган аңгемеси эски формага көнгөн окурмандарды өзгөчө кызыктырган. Жаш калемгердин "Бөтөн таканын изи", "Жылына эки ирет гүлдөөчү алмалар", "Газала", "Наташа Ростованын биринчи балы", "Унутулган сокмо жол", "Буурул түндө төрөлгөн кыз" деген алгачкы аңгемелери, "Мейман" повести ошол 60-жылдарда жазылып, кыргыз адабиятына таланттуу прозачынын келгенин тастыктады. Кийин анын киносценарийлери, повесттери, пьесалары жазылды, ошолордун арасында дагы бир аңгемеси "Айгүл тоо" деген ат менен жарык көрдү.
Биз бүгүн ошол аңгеме тууралуу 10 факт сунуштайбыз.
Турмуштук жана адабий тажрыйбанын изи. Мурза Гапаровдун "Айгүл тоо" деген аңгемеси адегенде 1985-жылы "Кыргызстан маданияты" гезитинин №15 санына басылган. Бул басылма ошол кезде өтө популярдуу эле. Мындай көлөмдүү аңгемелер жарыяланчу эмес, бирок редакция мыкты жазуучунун мыкты чыгармасын дароо эле басып жиберген.
"Айгүл тоодо" 60-жылдардагы аңгемечи Мурза Гапаров 80-жылдарда бул жанрга турмуштук зор тажрыйбадан сырткары да башка тектердин, жанрлардын тажрыйба мектебинен кийин жаңыча кайрылды. Анын үстүнө жазуучу лирикалык маанайы күчтүү өнүккөн, назик, салттуу жапан кара сөзүнөн баштап Маркестин романдарынан Борхестин миниатюраларын көздөй кеткен не бир сонун көркөм дөөлөттөрдү бере баштаган, ойгонуу мезгилин башынан кечирип жаткан ошол кездеги Латын Америка прозасына чейинки шедеврлерди, өзү сүйгөн Хемингуэйди мыкты өздөштүргөн эле. "Айгүл тоо" — 60-жылдагы "үйрөнчүк" аңгемечинин 80-жылда, калыптанган мезгилдеги, жаңы көрүнүшү, жаңы бийиктиги. Анын катарында "Байчечек" деген аңгемеси да турат.
Чыгарма эки досуна арналган. Автор аңгеменин башына "Кеңеш Жусуповго жана Кубатбек Жусубалиевге арналат" деп жазып койгон. Бул үч жазуучу чыныгы достор, көп жерлерде чогуу болгон кадырлаштар эле.
Сулуулуктан улуулукка. Аңгемедеги башкы нерсе — адам, анын сулуулугу жана башкаларга кылган жакшылыгы. Бул башкы нерсени автор өзүнүн лирикалык каарманы — кыздай назик жана жоош, романтикалуу жигит Исанын айланасына топтоштурат, ал каарман эне сүтүндөй пакиза адам рухун алып жүрөт. "Кайнар булак" пансионатындагы анын аракетин, жашоо-дүйнөсүн жазуучу мындайча сүрөттөйт: "Исанын иши ал жерде жакшы жүрөт. Ар күнү эртең менен эрте туруп, эртең мененки ак тумандын астында жаткан көлдүн ээн жерин бойлоп, алыска-алыска чуркап барып келет. Анын чуркаган таштак жолун калың кыроо басып калат. Жол коюу чычырканактарды аралап басып кете берет. А чычырканактын ичи жык жапайы коён. Байкуш коёндор таң атканча өз жактарында үшүп жатып, а таң атаар менен жолдун боюна чыгып, күндүн алгачкы нурларын күтүп, беттерин күн чыгышка тосуп, ар кайсы жерде чочоюп-чочоюп отуруп калышат. Биринчи күнү чуркап келаткан Исадан чочуп, чычырканактын ичине томураңдап качып кетишет. Бирок бара-бара бул адамдын зыянсыз экенин көрүп, аны кенебей отура беришет. "Эй, коёндор, салам!" — деп өтөт Иса анда алардын алдынан". Аңгемеде ал ушундай тазалык, баёолук, пакизалик башынан аягына чейин негизги лейтмотив катары аралап өтөт.
Айзаданын аппак дүйнөсү. Башкы каарман Иса кийин Айзадага жолукту. Айзаданын "жүзү апаппак, тунук эле. Бирок эки бетинин ортосу атыр гүлгө түспөлдөш мала-кызыл ыраң жатат. Эриндери дагы мала-кызыл, алар кичине сууланып турат. А кашы-көзү болсо капкара, чачтары карганын канатындай жалтырайт". Мына ушул кыз менен Исанын айгүл гүлү жана Айгүл тоосу жөнүндөгү ойлору, Кан-Жылгадагы биринчи, экинчи жана үчүнчү жолугушуулар өтө көтөрүңкү-эмоционалдык пафосто берилет, экөө тең романтикалык образдар деңгээлинде көтөрүлүп жетет, автордун мурдатан келген баяндоосу апогейинде романтикалык боёктор менен ыраңдалат, деги эле бул нерсе Гапаровдун стилиндеги бирден бир өзгөчөлүк катары бул аңгемесинде андан ары өз вазийпасын ишенимдүүлүк менен аткарып турат. Акыркы абзацта автор окурманды ойго салчу күтүлбөгөндөй — келерки жылы болушу мүмкүн болгон окуя тууралуу жыйынтыкка келет.
Өз котормосун киргизген. 68 жаштагы кечил Рекан 28 жаштагы монах кызга ашык болуп калгандыгы тууралуу Франческо Петрарканын бир ырын өзү кыргызчага которуп, эбин таап чыгармасына кошуп жиберет. Ал ыр мындай:
"Бетимдин качып кан-сөлү
Кубарды чачым бубактай.
Бирок да сүйүү ышкысы,
Жүрөктө, жаштык курактай..."
Айгүл гүлү жана "Айгүл тоо". Мурза Гапаров жазуучу болуш үчүн жазчу нерсенин баарын кармалап, даамдап көрүш керек дечү. Бир жакшы сюжет тапса, же бир жактан олжолуу келсе, терисине сыйбай барбалаңдап калчу. Анын бир жолку ушундай келиши тууралуу жазуучу Абдиламит Матисаков мындай эскерет: "...Эсимде, Баткенден жаңы эле самолётто учуп келип, Айгүл гүлүнүн бир дестесин наристедей көкүрөгүнө коомай кысып, "Кыргыз Туусуна" келгени. Кызыл китепке кирген, болгону бир ай гана өмүр жаш буйруган ажайып гүлдү жабыла, Кубат ака айтмакчы, жата калып, тура калып карап атсак: "Көрүп болдуңарбы, Бишкегиңерде мындай гүл өспөйт" деп тамашага чалып, көкүрөгүнө башын жөлөгөн бейиштин гүлдөрүн керээли-кечке эрикпей-зерикпей Жазуучулар союзуна, Маданият министрлигине, андан ары Кыргыз драма театрынын артисттерине чейин көрсөтүп, ыраңы Айгүл тоо гүлүнүн ыраңындай нурданып чыкканда бечара Мурза ака үйүнө кайтыптыр". Карабайсызбы, мен көргөндү баары көрсүн, мен суктанганга баары суктансын деп атпайбы.
Анын ошол сапары "Айгүл тоо" аттуу аңгемеге айланып, анда мындай сүйлөмдөр жазылды: "...Кудай жалгап бир маалда кыздын кубанычтуу кыйкырыгы чыкты.
— Таптым! Таптым! — деди ал. — Мынаке! Бери келиңиз!
"Айгүл тоо" – Мурза Гапаровдун өзгөчөлүгүн, анын стилдик бөтөнчөлүгүн аныктаган аңгемелердин бири. Жазуучу аңгемеде карапайым адамдарды дал ошол карапайымдыгы менен көрсөтөт, адамдын табиятын жаратылыш менен кошо карайт, экөөнүн гармониясын түзөт, ошон үчүн жазуучуда пейзаждык сүрөттөөлөр суктанарлык деңгээлде элестүү, кыска иштелет, каармандары турмушка, табиятка романтикалык көз карашта үңүлүшөт, сүрөттөөлөр көп учурда көтөрүңкү-эмоционалдык духта барат, ички лиризм күчтүү, жергиликтүү колоритти толук чагылдыра алчу тилдик каражаттарды жана этнографиялык деталдарды пайдаланат.