БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү 2020-жылга карата коргонуу боюнча бюджетке кол койду. Анын ичинде "Түндүк агым-2" долбооруна каршы санкция менен Украинага колдоо көрсөтүү бар экенин РИА Новости жазды.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова мамлекеттик карызы 22 триллион долларга жеткен өлкө башкаларга экономикасын өнүктүрүүгө бөгөт коюп жатканына көңүл бурган.
"Карызкор идеологиясы менен жашаган АКШ дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алган жок. Муну АКШнын Финансы министрлиги "экономикалык камакка ордер" жазып берген сайын далилдеп келет", — деп жазган Захарова Facebook баракчасына.
АКШнын санкциясы "Түндүк агым - 2" долбооруна бөгөт боло албай турганын Эл аралык иштер боюнча федерация кеңешинин мүчөсү Олег Морозов билдирген.
"Санкциялардын кедергиси, албетте, тиет. Бул кырдаалда катуу соккуга учураган Швейцариянын Allseas компаниясы учурда санкциялар кандайча иштей турганын иликтеп жатат. Бирок санкция менен долбоорду токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Чечими табылат, долбоор аягына чыгат", — деди Морозов.
Анын айтымында, бул Россия менен эле эмес, европалыктар жана Европанын компаниялары менен да жүрүп жаткан согуш экенин так түшүнүү керек. Сенатор "немецтер санкцияларга караманча каршы" экенин эске салды.
"Түндүк агым - 2" долбооруна россиялык газдын транзитинен кол жууп калуудан корккон Украина, мындан тышкары, бир катар европалык өлкөлөр каршы. Алардын катарында Польша, Латвия, Литва жана Евробиримдикке суюлтулган газын саткан АКШ бар. Алар аталган долбоорду саясий өңүттөгү кадам деп атап, Европанын энергетика жаатындагы коопсуздугуна коркунуч туудурат деп келишет. Россия буга чейин бир нече ирет долбоор толугу менен коммерциялык мүнөзгө ээ экенин белгилеп, россиялык газдын Украина аркылуу Евробиримдикке өтүүсүнө тоскоолдук жаратпай турганын көзгө сайып көрсөтүп келет.