Жаратылыштын эң мыкты сүрөттөрү. Nature Photographer сынагынын жыйынтыгы

Sputnik

Сыйлык тапшыруу аземи Нидерландыда өткөн Nature Talks Photo фестивалында өттү. Быйыл сынакка тапшырылган эмгектердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти — 73 өлкөдөн 14 миң сүрөт.

Венгер сүрөтчүсү Чаба Дарочинин "Секирик" аталышындагы эмгеги сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Сүрөттөн секирип жаткан эки коёнду көрүүгө болот.

Кадр Венгриядагы Бокса айылынан таңга жуук тартылып алынган. Сүрөтчү бул эмгеги үчүн 3000 евро алды.

Башка категориялар боюнча жеңүүчүлөр дагы түрдүү сыйлыктарга ээ болушту.

 

1 / 10
Венгер сүрөтчүсү Чаба Дарочинин "Секирик" аталышындагы эмгеги сынактын жеңүүчүсү деп табылды
2 / 10
Испан сүрөтчүсү Дэвид Эгеанын эмгеги "Өсүмдүктөр жана козу карындар" категориясында жеңүүчү аталды
3 / 10
Бул кадры менен испан сүрөтчүсү "Адам жана жаратылыш" категориясында мыкты аталды
4 / 10
"Суу алдында" категориясынын жеңүүчүсү. Сүрөт "Абаны көздөй" деп аталат. Автору Алексей Зозуля
5 / 10
"Сүт эмүүчүлөр" категориясында мыкты деп табылган эмгек
6 / 10
Алес Кривечтин эмгеги "Пейзаж" категориясында жеңүүчү деп аталды
7 / 10
"Куштар" категориясынын жеңүүчүсү. Автору Питер Чех
8 / 10
"Жаратылыш искусствосу" категориясынын жеңүүчүсү. Автор эмгегин "Бакыт дарактарда өсөт" деп атаган
9 / 10
Италиялык сүрөтчү Жакомо Редаэллинин эмгеги "Жаштар" категориясында жеңүүчү деп табылды
10 / 10
Румыниялык сүрөтчү Жордж Попа дагы акчалай сыйлыкка татыды