Киножылдыздардай кычырап... "Тазалык" жигиттеринин костюм-шымчан сүрөттөрү

Сүрөттөрдөн "Тазалыкчылар" кызматтык унааларынын жанында классикалык кийим кийип, галстук, бабочка тагынып түшкөнүн көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери атайын формаларын чечип, классикалык стилде кийиништи.

Фотосессиянын сүрөтү менен аталган ишкананын кызматкери Жибек Каракеева бөлүшкөн.

"Ооба, бул "Тазалыктын" көчө шыпыргычтары менен жүк түшүргүчтөрү. Кээде таптакыр башка адам болуу үчүн кийинүү гана жетиштүү. Биз өзүбүздү башка айдыңда сынап көрүүнү чечтик", — деп жазылат маалыматта.

Сүрөттөрдөн алар кызматтык унааларынын жанында классикалык кийим кийип, галстук, бабочка тагынып түшкөнүн көрүүгө болот.

Маалыматта "Тазалыктын" кызматкерлеринин стили үчүн бүтүндөй команда иш алып барганы кошумчаланат.