Сыргак Кенжебаевден жабыркадым деген кытай ишкери маалымат жыйынды шашылыш бүтүрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча Сыргак Кенжебаев кытай жаранынан алдамчылык жолу менен 350 миң доллар алган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Сыргак Кенжебаев кытай компаниясынын өкүлүн алдоо жолу менен ири суммадагы акчасын жана паспортун алып алган. Бул тууралуу жабырлануучу Мойталифу Маймайтямингдин жактоочусу Жанара Аскар кызы маалымат жыйында билдирди.

Жабырлануучу Кыргызстанга былтыр жыл башында келгенин айтты. Кийин Түркиянын жараны болгон Аскар аттуу таанышы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендерде жардам берем деген Сыргак Кенжебаев менен тааныштырган.

Ошентип Кытайдын жараны, Аскар жана Сыргак Кенжебаев өнөктөш болушкан. Келишим боюнча Мойталифу Маймайтямингге пайданын 85 пайызы, калган 15 пайызын Аскар менен Сыргак бөлүп алмактыгы айтылды.

"Сыргак менден 350 миң доллар менен паспортумду алган. Тендер өткөндөн кийин дагы 250 миң доллар сураганда мен баш тарткам. Паспортумду бер деп талап кыла баштаганда ИИМде тааныштары бар экенин айтып, мени коркута баштады", — деди ал.

Мойталифу Маймайтяминг УКМКга арыз жазганын кошумчалады.

Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев тууралуу эмне белгилүү?
Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экенин жабырлануучу менен жактоочусу маалымат жыйын учурунда журналисттерден билишкенин айтышты.

Андан соң маалымат жыйынды шашылыш түрдө токтотуп, кетип калышты. Жактоочу Жанара Аскар кызы Айтматованы тааный турганын жана аны менен кеңешүү керектигин кошумчалады.

Буга чейин Ширин Айтматова күйөөсүн Казакстандын аэропортунан кармап кетишкенин билдирген. Ал эми Кыргызстандын Улуттук коопсуздук малмекеттик комитети аларга М.М. аттуу Кытай жараны кайрылганын маалымдады. Ал Сыргак Кенжебаев андан алдамчылык жолу менен 350 миң долларын алып кеткенин айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси - "Алдамчылык" менен кылмыш иши козголду. Кенжебаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.