Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургга конду. Видео

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусу өтөт.
Sputnik

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды.

Президент Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берет
ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусу өтөт.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.