Премьер “Майлы-Суу” лампа заводун оңдоого 300 млн. сом таап берүүнү убада кылды

Заводдун жетекчилиги ишкана азыр болгон кубаттуулугу менен иштебей турганын айтты. Ошого карабай бүгүнкү күндө анда 40 түрлүү лампа чыгарылат, негизинен жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Майлуу-Суу” лампа заводун кошумча жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн 300 млн. сом издеп көрүүгө убада кылды.

Өкмөт башчы түштүк регионду кыдырып, аталган заводго дагы баш бакты.

Жалал-Абадда ЖАМК кызматкерлерине батирлер берилди. Сүрөт
Заводдун жетекчилиги ишкана азыр болгон кубаттуулугу менен иштебей турганын айтты. Ошого карабай бүгүнкү күндө анда 40 түрлүү лампа чыгарылат, негизинен жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот. Ишкананын продукциялары сертификациядан өткөн, эл аралык стандарттын талаптарына жооп берет.

Бирок башка өлкөлөрдөн келген буга окшогон продукциялардын агымы чоң болгондуктан, ата мекендик продукцияга болгон суроо-талап аз болууда. Ишкананын жетекчилиги айнек идиштерди өндүрүүнү түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу катары көрүүдө. Бул үчүн заводду жалпы наркы 300 млн. сом болгон кошумча жабдуулар менен жабдуу керек.

Өз кезегинде Абылгазиев мурда баары ушул заводдун кичине лампаларын колдонгонун айтты.

“Бул жерге жакшы инвестор же каржылоо керек. Биз бул же тигил ишкананы жабдуу жөнүндө ойлонбошубуз керек. Тескерисинче, эскилерин жандандырып, жаңы завод жана фабрикаларды ачуубуз зарыл. Өнөр жай – бул экономиканын кыймылдаткычы. Ошондуктан ишкананы колдоо маселесин карап чыгуу керек”, - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ишкананын мындан ары иштөөсү үчүн зарыл каражаттар издештирилерин белгиледи.

Ошондой эле кыска мөөнөттүн ичинде «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсын каржылоо жолун карап чыгууну жана аны жүзөгө ашыруу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.

Учурда "Майлуу-Суу лампа заводу" ЖЧКсынын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 300 млн. даана электр лампасын түзөт, бир жарым миң киши иштейт. Жаңы цехтердин ачылышы менен жумушчу орундардын саны эки миңге жетет.