БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Москвадагы Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын жанындагы атышуудан бир кызматкер каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Большая Лубянка көчөсүндөгү 12-үйгө жакын жерде белгисиз адам ок чыгарган. Кылмышкер тез арада жок кылынып, өздүгү такталууда. Окуя теракт катары бааланып жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, учурда дагы беш кишиге медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.