Фотокапканга түшүп калган канаттуулар. Өрдөк, таз жорулардын сүрөтү

Учурда Кыргызстанды канаттуулардын 400 түрү байырлайт, алардын 57си Кызыл китепке кирген. Фотокапкан орнотулган "Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругу 36 миң 392,6 гектар аймакты ээлейт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Корук аймактарында сейрек кездешкен жаныбарлар менен келгин куштардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, буга "Каратал-Жапырык" жаратылыш аймагында орнотулган фотокапкандарга түшүп калган сүрөттөр далил. Учурда Кыргызстанды канаттуунун 400 түрү байырлап, алардын 57си Кызыл китепке киргизилген.

"Кызматкерлерибиз жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айлана-чөйрө, жаныбар, өсүмдүктөргө аяр мамиле кылууга үндөп келет. Мындан сырткары, санак жүргүзүп, канаттуу же жаныбарлардын көбөйүшүн же азайышын эсепке алып турушат", — деп жазылат билдирүүдө.

Куштар менен жаныбарлардын сүрөтү тартылган "Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругу 36 миң 392,6 гектар аймакты ээлейт.