Радио

Эргешов: диний саясат боюнча концепцияда үч негизги багыт каралган

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов 2014-жылы Коргоо кеңеши тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча 2015-2020-жылдарга карата атайын концепция кабыл алынганын айтты.
Sputnik
Эргешов: диний саясат боюнча концепцияда үч негизги багыт каралган

Диний саясат боюнча концепциянын алкагында 2015-жылдын 19-июлунда өкмөттүн 315-буйругу менен аталган системаны ишке ашыруу үчүн план иштелип чыгып, анда эң негизги делген үч багыт приоритеттүү деп табылган. Бул тууралуу Зайырбек Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча концепцияны ишке ашыруу үчүн 63 пункттан турган план бар, анын басымдуу бөлүгү бүгүнкү күндө толугу менен ишке ашты.

"Диний саясат боюнча 2015-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын алкагында бардык мамлекеттик органдар биргеликте иш алып барууда. Аларга 63 пункттан турган план бөлүштүрүлүп берилген, учурда тийиштүү иштерди аткарып жатышат. Бүгүнкү күндө бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги, ИИМ, УКМК, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тыгыз иштешип, өлкөдөгү бардык конфессияларга көлөкөсүн тийгизген терс көрүнүштөргө бөгөт боло турган чаралар көрүлүүдө. Планга ылайык концепциянын эң башкы багыттары — дин жаатын укуктук жактан жөнгө салуу, диний билим берүү тармагында реформа жүргүзүү жана радикализм, экстремизм, ошондой эле террорчулуктун алдын алуу маселелери приоритеттүү деп табылган, алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатат", — деди Эргешов.

Аткаминер 24-декабрда борбор калаада 2015-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын алкагында аткарылган иштерге анализ жүргүзүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын катышуусундагы тегерек стол өтөрүн кошумчалады.