Бишкектеги троллейбустун айдоочулары салондорун кооздошту. Сүрөт

Алгачкылардан болуп №2 троллейбустун айдоочулары Улан Биялиев менен Аскат Кыштообеков салонун кооздоп, жолго чыгышты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкектин троллейбус айдоочулары жүргүнчүлөргө жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында салондорун кооздоп жатышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Бишкектеги троллейбустун айдоочулары салондорун кооздошту. Сүрөт
"Троллейбус көздөгөн жерге жете турган транспорт гана эмес, жаңы жылдык маанай жараткан жер. Биринчилерден болуп №2 троллейбустун (борт номери 1620) айдоочулары Улан Биялиев менен Аскат Кыштообеков жолго чыгышты", — дешти мэриядан.

Учурда башка троллейбустар дагы кооздолуп жатат. Алар кийинки жумадан тарта жүргүнчүлөрдү кубантышат.

Мындан сырткары, маалыматта коомдук транспорттун айдоочуларын сылык болууга чакырган тренингдер өтүп жатканы айтылды.