Акчасын жоготуп алган окуучуну автобустан түшүрбөй койгон айдоочу иштен айдалат

Айдоочу баланы тийиштүү аялдамадан түшүрбөй, Пригородное айылына алып кетип калган. Мындан улам бала суукта үйүнө жөө кайткан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жол киресин (8 сом) жоготуп алган 11 жаштагы окуучуну транспорттон түшүрбөй койгон №7 автобустун айдоочусу иштен айдалат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык тургундан арыз түшкөн. Ал айдоочу окуучу баланы тийиштүү аялдамадан түшүрбөй Пригородное айылына алып кетип калганын билдирген. Мындан улам бала суукта үйүнө жөө келген.

"Окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн эне-баланы жана Т.С. аттуу айдоочуну чакырттык", — дешти мэриядан.

Натыйжада видеокөзөмөлдүн жардамы менен айдоочу балага орой мамиле жасаганы аныкталган.