Өзгөчөлөнүп жеңүүчү бол! Жалал-Абад шаарында жаңы жылга карата сынак жарыяланды

Имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоого көңүл бурган мекемелерге калаа мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында калаадагы мекеме-ишканалардын арасында "Эң мыкты көркөм-эстетикалык жасалгалоо" аттуу сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт жаңы жылдагы эс алуу күндөрүн бекитти
Сынактын жыйынтыгы декабрь айынын аяк ченинде чыгарылат. Имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоого көңүл бурган мекемелерге калаа мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик жаңы жылдык иш-чараларга жалпы жонунан 1 миллион 50 миң сом бөлгөн.

Ал эми калаанын борбордук бөлүгүнө коюлган балатынын бийиктиги 28 метрди түзөт. Анын оту 17-ноябрда жанган.