Жалал-Абадда ЖАМК кызматкерлерине батирлер берилди. Сүрөт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө арналган үй 2017-жылы курула баштаган. Ал беш кабаттуу, батирлери бир жана эки бөлмөлүү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абаддагы ЖАМКнын кызматкерлерине жаңы үйдөгү батирлердин ачкычын тапшырды. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир жана эки бөлмөлүү батирлерге 70 кызматкер ээ болгон. Беш кабаттуу үй 2017-жылы курулуп баштаган.

"Биз силердин ишиңер кандай оор экенин билебиз, калктын эң оор бөлүгү менен иштейсиздер. Бирок кайсы бир учурга чейин ишмердүүлүгүңөргө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келди. Азыр көп нерсе өзгөрдү. Бүгүнкүдөй кубанычка жетип отурасыздар. Жакшы саамалык куттуу болсун, чын жүрөктөн куттуктайм", — деген премьер-министр.

Өкмөт башчы мекеме жетекчилигинин өжөрлүгү менен ички реформалар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Мелис Турганбаевдин биринчи орун басары кызматтан бошоду
"Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер үчүн поликлиника ачылды, эркинен ажыратылгандар кармалган жайларда өнөр жай ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча пландар бар. Ошондой эле калк жыш жайгашкан жерлердеги колонияларды жана тергөө абактарын шаардан тышкары которуу долбоору даярдалып жатат. Биз кызматкерлердин ишин жеңилдетүүнү каалайбыз", — деген Абылгазиев.

Премьер-министр батир ээлерин куттуктап, үйдүн короосундагы балдар аянтчасын жабдуу үчүн 100 миң сом тапшырган.