Россиядан Кыргызстанга документсиз 150 миң рублга чейин которууга жол ачылды

Россия жазында Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга акча которуу боюнча чектөө киргизген. Россиялык ЖМКлар өз булактарына таянып, мындай жол менен көмүскө экономика, анын ичинде каттоосу жок ишкерлик менен күрөшүү жүрүп жатканын жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлери тарабынан талкууланган

"Натыйжада "Юнистрим" төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражатын трансчекаралык которуусунун шарты өзгөрдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублди түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Россия жазында Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга акча которуу боюнча чектөө киргизген. Россиялык ЖМКлар өз булактарына таянып, мындай жол менен көмүскө экономика, анын ичинде каттоосу жок ишкерлик менен күрөшүү жүрүп жатканын жазышкан.