Москва: Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын жанында ок атылды. Видео

Кылмышкер укук коргоо органдары тарабынан жок кылынып, учурда анын өздүгү такталып жатат. Окуядан бир нече киши жабыркады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Москвада белгисиз адам Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын жанында ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, аталган кызматтын өкүлдөрү тарабынан кылмышкер жок кылынды. Окуянын кесепетинен Кузнецк көпүрөсүндө бир нече адам жабыркаган.

Учурда укук коргоо органдары кылмышкердин өздүгүн тактап жатат.

​Большая Лубянка районундагы кыймыл убактылуу чектелди.